Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 1-ноябры № 11
Курманбек айыл аймагынан турак жай куруу үчун жерлерди трансформацияга берүү жөнундө
Курманбек айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун кайракы жерлеринен турак жай куруу үчүн жер участогун сураган арыздарды канаттандыруу максатында, жерлерди трансформацияга берүү жөнүндө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, Жер кодексинин 11,12,13,76-статяларына таянып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл аймагынын Жоон-Кунгой айылынын Өзөн участкасынын 143 жана 202 контурларынан 11 га, 124 контурунан 10 га,
Кара-Чолок айылынын Терек участкасынан 24 га,
Саты айылынын Терек участкасынын 898 контурунан 3,80 га,
Таран-Базар айылынын 784 контурунан 10 га,
Курманбек айыл аймагы боюнча жалпысынан 58,8 га жер аянты элдерге
турак жай куруу үчүн трансформация жолу менен ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Курманбек айыл аймагынын башчысына жүктөлсүн, жерди ажыратып берүү үчүн токтом чыгарып берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик адмнистрациясынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен суралсын.
1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | З. А. Ботобаева |