Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 1-ноябры № 12
Жер салыгынын коэффисиенттин бекитүү жөнундө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, Сузак райондук мамлекеттик адмнистрациясынын 26-октябрь 2022-жылдагы Чыгыш № 01/1-32/3267 сандуу катынын негизинде Курманбек айылдык кеңешинин салык боюнча башкы адисинин Курманбек айыл аймагындагы киреше булактары бар калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчун жер салыгын чегерүү максатында зоналдык коэффициенттин 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө бекитип берүү жөнундө кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл аймагындагы киреше булактары бар калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын чегерүү максатында зоналдык коэффициентти 1,0 өлчөмдө бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | З. А. Ботобаева |