АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-февралы № 19/1
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетин 2023-жылга бекитүү жөнүндө
“ Кыргыз Республикасынын бюджеттик укутарынын негизги принциптери жөнундө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин финансы, бюджет, инвестиция жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын -февралындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 90226,1 миң сом, чыгаша бөлүгү 90226,1 миң сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
2. 2023-жылга айыл өкмөтүнүн атайын төлөм каражатынын киреше бөлүгү 5300,0 миң сом, чыгаша бөлүгү 5300,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө төмөнкү милдеттерди аткаруу жүктөлсүн:
- Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана чыгымдарды пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү;
- Баардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- Финансылык тартипти чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу.
4. 2023-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясын турмушка ашыруу жана сырткы инвестицияларды тартуу, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Аскаровго жана курулуш боюнча адиси И.Юлдашевге жүктөлсүн.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | А.Умаров |