Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХVI сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 16
Каргалык айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери жөнүндөгү Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жылдагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш - аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгына ылайык, “Каргалык айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери жөнүндө” Жобону угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Каргалык айыл аймагында жогорудагы бекитилген жобого ылайык иш-чараларды түзүп, иш алып баруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга жана “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов. |