Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХVI сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 18
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 15-мартындагы № 01-7/170 чыгыш сандуу катын кароо
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана ветеринардык-санитардык коопсуздук иш-чараларынын алдын алуу максатында, өлгөн малдын өлүгүн көмүүчү жай (Яма Беккари) курууга 550,0 миң (беш жүз элүү миң) сом акча каражатын, 3111 курулуш беренесиндеги өздүк салымдан, 3111 курулуш беренесине “Яма Беккари” куруу үчүн которулуп берилсин.
2. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына 2511 субсидии беренесине каралган акча каражатынан, 2023-жылга карата жазгы айдап - себүүгө техникаларды оңдоп-түзөө иштери үчүн 45,0 миң сом акча каражатын “МТС” муниципалдык ишканасына 2511 субсидии беренесинен жылдырылып берилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов. |