Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХVI сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 19
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 16-мартындагы № 01-7/174 чыгыш сандуу катын кароо
Кыргыз Республикасынын 24.05.2018-жылдагы “Жарандык коргонуу жөнүндө” №54 мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчисинин 14.03.2023-жылдагы №06-01/1061 чыгыш сандуу катын жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 17-февралындагы №51-б буйругун негиз кылып, Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл аймагына караштуу Казарман айылынын түштүк чыгыш, түштүк батыш тарабындагы тоолорго кар оор түшкөндүгүнө байланыштуу бүгүнкү күндө Казарман айылына сел каптоо коркунучу жаралып жаткандыгы белгиленсин.
2. Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында 2215 ар кандай чыгым беренесинде Ковид-19 деп каралган - 200,0 миң сом акча каражатынан айылдагы суу каптоо коркунучу жаралып жаткан арыктарды, каналдарды тазалоо үчүн 2215 ар кандай чыгым “Форс мажорго” - 150,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов. |