Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХVI сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 20
“Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун” курамына жана иш планына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамырованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун” курамына айылдык жарандан көрсөтүлгөн Камчыбеков Иманаалынын ордуна Атамкулова Назгүл Токтоналиевна киргизилсин.
2. Каргалык айыл аймагынын “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун” 2023-жылга карата бекитилген иш планына тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов. |