Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

2023-жылдын 4-апрели № 152

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынан УКМКнын чек ара кызматына чек ара заставасын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 27-мартындагы №01-27/273 жана Кыргыз Республикасынын УКМКнын 05-33/109 сандуу катынын негизинде, Ак-Сай айылынын өкмөт башчысы А.Сабировдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын 1096 контурунан 2,30 га жер аянтына УКМКнын чек ара кызматына чек ара заставасын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Талиев А.