Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 153
Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү 2021-2022-жылдары кыргыз-тажик коогалаңында каза болгон жарандардын ысымдарын көчөлөргө ыйгаруу жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү 2021-2022-жылдардагы кыргыз-тажик куралдуу коогалаңында каза болгон жарандардын ысымдарын Ак-Сай жана Көк-Таш айылынын көчөлөрүнө ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Талиев А. |