Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 28-апрели № 3

Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовдун кайрылуусу жөнүндө

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги кезексиз 14-сессиясы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовдун кайрылуусун угуп, талкуулап токтом кылат:

 

1. Акназаров айыл аймагынын Таш-Кундук, Урмарал айылдарынын жаңы көчөлөрүнө карагайларды жана электр чубалгыларын орнотуу керектүү жана максаттуу деп табылсын.

 

2. Өнүктүрүү фонддордон Таш-Кундук, Урмарал айылдарынын жаңы көчөлөрүнүн карагайларын, электр чубалгыларын орнотуу долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.

 

3. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Б.Уметалиевага жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго жүктөлсүн.

 

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Жорготаев