АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-апрели № 4
У.Нуралиевдин кайрылуусу жөнүндө
Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги кезексиз 14-сессиясы Урмарал айылынын тургуну У.Нуралиевдин кайрылуусун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Акназаров айыл аймагынын Урмарал айылына жаңы балдар бакчасын куруу керектүү жана максаттуу деп табылсын.
2. Өнүктүрүү фонддордон Урмарал айылына жаңы балдар бакчасын куруу долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.
3. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Б.Уметалиевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |