Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2023-жылдын 26-майы № 27

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын Жаңы-Омонок 2, Дүйшөнкул Шопоков, Өрүк-Бак 1 жана ХХII Партсъезд 2 көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” № 67 Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобону жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 28-мартындагы № 01-24/251, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын № 01-27/312 cандуу каттарынын жана Бужум айылынын элдик жыйындарынын протоколунун негизинде, 2021-жылдын 29-30 апрель күндөрү Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуядан каза болгон төрт жарандын ысымын Бужум айылынын көчөлөрүнө ыйгаруу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Бужум айылынын мурдагы Жаңы-Омонок 2 көчөсү Темиров Чынгыз Исламбаевич атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.

 

2.  Бужум айылынын мурдагы Дүйшөнкул Шопоков көчөсү Махмадали уулу Мийдин атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.

 

3.  Бужум айылынын мурдагы Өрүк-Бак 1 көчөсү Абдырахманов Мурзабек Абдигапарович атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.

 

4.  Бужум айылынын мурдагы ХХII Партсъезд 2 көчөсү Аманов Жаркынбек Асанович атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.

 

5.  Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

6.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров