Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2023-жылдын 26-майы № 28

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын 2023-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган “Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акыларынын баасын бекитүү жөнүндөгү” № 22 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Осмоновдун сунушунун негизинде 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 22 токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасына жыйналуучу таштандынын төлөм акысынын тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

 

2.  “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын төлөмдөрүн тиркемеге ылайык жыйноо жагы Ж.Осмоновго тапшырылсын.

 

3.  Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын экономика-финансы бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров

 

Кара-Булак айылдык

кеңешинин кезексиз

XXVI сессиясынын

2023- жылдын

26-майындагы

№ 28- токтомуна тиркеме

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын төлөмдөрү

 

Баалардын көрсөткүчү

 

№

Кызматтардын аталышы

Бирдиктүү өлчөм

Айына

Суммасы (сом)

1.

Калкка

1 адамга

1 айга

15 сом

2.

Бюджеттик мекемелерге

1 м2 (имарат)

1 айга

10 сом

3.

Өндүрүштүк мекемелерге

1 м2 (имарат)

1 айга

10 сом

4.

Коммерциялык түйүндөргө жана уюмдарга

 

1 м2 (имарат)

 

1 айга

 

10 сом

 

Жооптуу катчы

Г.Жумаева