КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 26-майы № 29
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү № 145-мыйзамына ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 25-майындагы № 479 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылындагы таштанды таштоочу жайды кеңейтүү максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын түштүк чыгыш тарабында жайгашкан № 2672- контурундагы 1,60 га жана № 2674- контурундагы 0,40 га таштуу жайыт жер аянтын жалпы 2,0 га таштуу жер аянттарын “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Ж.Шакиров |