Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2023-жылдын 26-майы № 31

Кара-Булак айыл аймагындагы таштандыларды чогултуу үчүн төлөмүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси” 2018-жылдын 10-августундагы № 90 Мыйзамынын 24-главасынын 75-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн салык жыйымдар боюнча адиси М.Тажибаеванын сунуш катынын негизинде, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган ар бир кожолукка таштандыларды чогултуу үчүн төлөмү бир жылга 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.  Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров