Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2020-жылдын 25-апрели № 97
Чолпон-Ата айыл аймагындагы Бешжылдыз(Ясеница) чөбун казууга уруксат берүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы жеке ишкер Смиалов Айбек Самарбековичтин Бешжылдыз(Ясеница) чөбун казууга уруксат берүү жөнүндө билдирүүсун карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Жеке ишкер Смиалов Айбек Самарбековичтин Бешжылдыз(Ясеница) чөбун казууга уруксат берүү жөнүндө билдирүүсу эске алынгсын.
2.Ак-Тектир,Кара-Кунгой айылдарында өскөн Бешжылдыз(Ясеница) чөбун казууга уруксат берүү жөнүндө билдирүүсу колдоого алынбагандыгына байланыштууказууга уруксат берилбесин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловго тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
6.. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Эскертүү: М.Абдылдаев айылдык кеңешинин токтомунун датасы жана тексти кагаз түрүндөгү түп нускасынын көчүрмөсүнө таянып жарыяланды
Төрайым | Р.Токтоназарова |