Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 3
Жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Коргон-Сай, Кара-Булак, Айгыр-Жал, Каныш-Кыя жана Кайың-Суу айылдарынан ден соолугуна байланыштуу акчалай жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардан ден соолугуна байланыштуу акчалай жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан; Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардан ден соолугуна жана турмуш шартына байланыштуу акчалай жардам сурап кайрылган тиркемеде көрсөтүлгөн жарандарга жалпы 370 000 (үч жүз жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика финансы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |
Тиркеме |
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан жардам сурап кайрылган жарандарга Каныш-Кыя айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынан колдоо тапкан акча каражаттары
№ | ФИО | Айылы | Багыты | Бөлүнгөн акча каражаты |
1 | Тойчуев Ринат | Кара-Булак | Кызы Ибраималиева Аминанын жүрөгүнө опереция жасатууга | 50 000 сом |
2 | Айдаралиев Бакытбек Өскөнбаевич | Коргон-Сай | Келинчеги Алибекова Гүлсаданы операция жасатууга | 100 000 сом |
3 | Токторбаев Маратбек Манасович | Коргон-Сай | Кызы Манасова Аруукени Өзбекстан Республикасына алып барып операция жасатууга | 100 000 сом |
4 | Эшбаева Жылдыз Тахировна | Айгыр-Жал | Жашоо шартын жакшыртуу максатында | 20 000 сом |
5 | Абдылдаева Гүлмира Акышовна | Айгыр-Жал | Уулу Үметбек у Манасбектин белине операция жасатууга | 30 000 сом |
6 | Рысбеков Бактыбек Абдылдаевич | Каныш-Кыя | Дарыланууга барууга | 20 000 сом |
7 | Субанова Дилбаржан Усмановна | Коргон-Сай | Небереси Эркинбекова Маликаны дарыланууга алып барууга | 30 000 сом |
8 | Сулайманова Аселя Темирбековна | Кайың-Суу | Кызы Сүйдалиева Фатиманы дарыланууга алып барууга | 20 000 сом |
| Жалпы |
|
| 370 000 сом |
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |