Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 5
Контейнер алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 13.10.2022-жылдагы № 01-18/766 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан; Айгыр-Жал айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кышка карата отун көмүр сактоочу жай жана склад катары колдонуу үчүн бир даана 12 метрлик контейнер сатып алууга 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |