Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 6
“Кара-Кысмак” участкасынан туризмди өнүктүрүү максатында жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 14.10.2022-жылдагы № 01-18/772 чыгыш сандуу Башкы-Терек айылынын тургуну А.Андашовдун арызынын негизинде жазылган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Кара-Кысмак” участкасынан Чаткал районундагы туризмди өнүктүрүү максатында 0,50 га жер аянтын Башкы-Терек айылынын тургуну А.Андашовго бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Суралган жер аянтын мыйзам чегинде документтештирип берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси К.Курманалиевден суралсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |