Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 11
Жайыт комитетинин кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу О.Эшикуловдун 24.10.2022-жылдагы №38 жана 09.11.2022-жылдагы №42 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу О.Эшикуловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя жайыт комитетинин кампасындагы эспарцет уруктун баасы100 (жүз) сомдон, буудайдын баасы 25 (жыйырма беш) сомдон, арпанын баасы 20 (жыйырма) сомдон бекитилсин.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан; Каныш-Кыя жайыт комитетинин техникаларын кыш мезгилиндеги 2022-2023-жылдагы кар сүрүүгө даярдоодо тракторлорду ремонттого запастык бөлүктөрдү жана күйүүчү майлоочу майларды алууга 164 900 (бир жүз алтымыш төрт миң тогуз жүз) сом акча каражаты субсидия катары бөлүнүп берилсин
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуукомитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |