Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 15
Жер салыктарынын базалык ставкасынын зоналык коефценттерин бекитип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 26.10.2022-жылдагы № 01-18/828 чыгыш сандуу мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын 26.10.2022-жыл №047/22/07-05/2904 сандуу катынын негизинде жазылган жер салыктарынын базалык ставкасын эсептөөдө зоналык коэффицинттерди бекитип берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын бекитип берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жана МСКнын Чаткал району боюнча башкармалыгынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча айыл чарба багытындагы жерлердин климаттык шартыбызга байланыштуу толук иштетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан жер салыгынын базалык ставкасы жыл аягы болуп калгандыгына байланыштуу мурдагы баа менен өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |