Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 16
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун жана “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан;
-“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы колдонуп жаткан техникаларды оңдоо учурунда зарыл болуп жаткан аппараттарды алууга 356 017 (үч жүз элүү алты миң он жети) сом,
-“Наристе” балдар бакчасынын кошумча корпусуна таза суу чыгаруу үчүн керектелүүчү материалдарды жана трал автоунаасына 2 (эки) даана дөңгөлөк, погрузчикке 8 (сегиз) даана тиш, экскваторго 5 (беш) даана тиш алууга 116 870 (бир жүз он алты миң сегиз жүз жетимиш) сом,
- Погрузчик, хоба, грейдер, трал жүк ташуучу автоунааларына цеп, күйүүчү майлоочу майларын жана РВД шлангаларын кысуучу станок, 2 (эки) даана лемик сатып алууга 1 517 567 (бир миллион беш жүз он жети миң беш жүз алтымыш жети) сом, жалпы 1 990 454 (бир миллион тогуз жүз токсон миң төрт жүз элүү төрт) сом акча каражаты “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүнүп берилсин
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |