Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 20
Жаңыдан курулган ФАПтарга ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.11.2022-жылдагы № 01-18/881 жана 11.11.2022-жылдагы №01-18/892 чыгыш сандуу кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуулары жана айыл тургундарынын протоколдору эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы жаңы курулган ФАПка маркум Муратбекова Берметтин жана Кайың-Суу айылындагы жаңы курулган ФАПка маркум Кудаярова Токтобүбүнүн ысымы ыйгарылсын.
3. ФАПка ысымы берилген жарандардын атын жазып, айланасынын көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу алардын уул-кыздарына, туугандарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |