Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 22
“ИП Кадырбеков” ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жөнүндө
“ИП Кадырбеков”ЖЧКсынын директору А.Кадырбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. “ИП Кадырбеков”ЖЧКсынын директору А.Кадырбековдун кайрылуусун эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан; 2022-2023-жылдагы айыл өкмөткө караштуу муниципалдык менчик мекемелерди отун менен камсыз кылууда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн тендерге 1м3 отундун баасы 300 (үч жүз) сомдон коюлуп, Чаткал токой чарбасындагы 1м3 отундун баасы 500 (беш жүз) сомдон бекитилгендиктен отун алуудагы айрыма жеке ишкер А.Кадырбековго 41 100 (кырк бир миң бир жүз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |