Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 23
Колдоого муктаж карыларды, майыптарды көмүр менен камсыздоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.11.2022-жылдагы № 01-18/891 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан; Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы колдоого муктаж карыларды, майыптарды кышка карата көмүр менен камсыз кылууда ар бир жаранга 300 (үч жүз) кгдан көмүр бөлүнүп берилсин. Көмүр алып келүүдө айыл өкмөттө техникалар бар болгондуктан келип түшүү баасы 5,5 (беш сом элүү тыйындан) сомдон эсептелинсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |