Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 30
А.Баймырзаев мектебине ажаткана салуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 20.10.2022-жылдагы № 01-18/798 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Жер-Капчыгай айылындагы А.Баймырзаев мектебине ажаткана салуу боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан; Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылындагы А.Баймырзаев мектебине ажаткана салууга сметада көрсөтулгөн 1 506 579 (бир миллион беш жүз алты миң беш жүз жетимиш тогуз) сом акча каражаты мыйзамдуулугун кароо менен бөлүнүп берилсин. Ажааткананы жеринен барып текшерип келүү үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика финансы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |