Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 31
Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштелбей калган акча каражатына долбоор смета даярдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылууларын Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуулары Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан төмөндөгү долбоор сметалар даярдалсын;
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал, Кайың-Суу, Кара-Суу,жана Жер-Капчыгай айылдарына жөө жургунчүлөр жүрүүчү тротуар салууга,
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдагы ички көчөлөргө 2 км ден асфальт төшөөгө,
- Каныш-Кыя айылына чоң адамдардын жана жаш балдардын жайкы эс алуусуна шарт түзүү үчүн бассейин курууга,
- депутат У.Качканаковдун сунушу менен Айгыр-Жал айылынын центрин көрктөндүрүүгө,
- депутат Ж.Атантай уулунун сунушунун негизинде Кара-Булак айылы менен Кармовыйцех участкасынын ортосуна көпүрө салууга,
- депутат Н.Темированын сунушу менен Кара-Суу айылына курулуучу 50 орундуу бала бакчага,
- депутат Ж.Нарынбетованын сунушу менен ЖДПБна кир жуучу жана залалсыздандыруучу имарат уюштурууга шарт түзүүгө,
-депутат М.Аликеев сунушу менен Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылына парк курууга.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |