Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 32
Чакмак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин материалдык базасын чындоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин директору Б.Турсункуловдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат :
1. Чакмак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин директору Б.Турсункуловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан; Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу жалпы билим берүү орто мектебине 14 даана шкаф сатып алууга, мектептин трансформаторун кышка карата оңдоого керектелүүчү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Мектептин алдына 360 м2 жерге брусчатка жаткырып, жээктерине отургучтарды, таштанды салуучу челектерди орнотууга, окуучулар үчүн спорттук аянтча курууга, жашылдандыруу көрктөндүрүү максатында 450 м2 жерди королоого долбоор смета даярдалсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |