Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 33
Айыл Банк ААК тарабынан алынган техникалардын акча каражаттарын төлөө жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусу эске алынсын
2. Айыл Банк ААК тарабынан “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына алынып берилген бардык техникалардын толук акча каражаттарын жабууга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылдын 31-декабрына чейин кошумча түшкөн акча каражаттарынан 35 600 168 (отуз беш миллион алты жүз бир жүз алтымыш сегиз) сом акча каражатын бөлүп берүүдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |