Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 37
Жаңы индекс жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.11.2022-жылдагы № 01-18/901 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Азыркы учурдагы базар баасынын наркы 2020-2021-жылдарга салыштырмалуу өсүп кеткендигине байланыштуу Каныш-Кыя айыл аймагында азыркы күндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан имараттарга жаңы индекс боюнча акча каражаттарын төлөп берүү жагы мыйзамга ылайык такталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |