Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2022-жылдын 14-ноябры № 41
Жаңы курулган бала бакчага ат коюу жөнүндө
Жер-Капчыгай айылында жаңы ачылып жаткан бала бакчанын жетекчиси З.Токтомамбетованын билдирүүсүн Каныш-Кыя айылдык кеңешинин социалдык меселелер боюнча туруктуу комитетинин отурумунун протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Жер-Капчыгай айылына жаңы курулган бала бакчага ат коюу боюнча айтылган сунуштар эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Жер-Капчыгай айылындагы жаңы курулган мектепке чейинки билим берүү уюмуна “Бал тил ” аты ыйгарылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |