КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 1
«Кызыл-Үңкүр айыл аймагына жаңы курулган спорт залды айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр айыл аймагына жаңы курулган спорт залды айыл өкмөтүнүн баласына алуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагына жаңы курулган спорт зал айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аманкуловко жана айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаты ,коомдук уюмдар жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө «Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzyluhkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: | Көчөров Т.А |