КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 2
«Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 51 сандуу каты жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жетекчиси Семетеев Зулумбек Камаловичтин билдирүүсү менен таанышып чыгып Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Үңкүр токой чарбанын өндүрүлгөн продукциялары төмөндөгүдөй баада бекитилсин:
1. Токой чарбасындагы бал аары уюктара | - | 1 кг – 110 сом, |
2. Менчик аарыларга ар бир бал уюгуна | - | 1 кг - 48 сом 06 тайын, |
3.Чөп жайыт арендасына | - | 1 га - 735 сом, |
4.Жаңгак уругу үчүн | - | 3 кг жаңгак уругу, |
5.Жайыт акысы үчүн | - | 1 га - 96 сом 12 тыйын, |
6.Айдоо жер сугарма | - | 1 га – 1000 сом, |
7.Айдоо жер кайракы жерге | - | 1 га 178 сом 67 тыйын, |
8. Сай жээги үчүн | - | 1 га 25445 сом, |
9. Жаңгак мөмөсү үчүн | - | 1 га 60 сом, |
10. Алма уругу | - | 1 кг 400 сом, |
11. Алыча уругу | - | 1 кг 200 сом, |
12.Саскыйың уругу | - | 1 кг 300 сом, |
13.Алмурут уругу | - | 1 кг 400 сом , |
14. Бадам уругу | - | 1 кг 200 сом, |
15. Ит мурун уругу | - | 1 кг 400 сом, |
16. Изирик уругу | - | 1 кг 400 сом. |
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика ,муниципалдык менчик,инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө «Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzyluhkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: | Көчөров. Т |