| Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясын № 5 токтомунун № 1 тиркемеси |
Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин Регламенти
I. Жалпы жоболор.
Кыргыз Республиканцын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамына ылайык, кенештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын; Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөрү жана штампы болот.
Айылдык кеңештин Регламенти, айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздериң, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык кеңештин компетенциясы.
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 29 жана 29-1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
- Социалдык экономикалык өнүктүрүүн жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү:
-Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндеотчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;
- Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
- Кеңештин төрагасын жана анын орунбасарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу;
- Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтөп экисинин көпчуүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө;
- Айылдык кенештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама карты келген буйруктарын жокко чыгаруу;
2.2. Пункттун 4,5 абзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жашыруун добуш берүү бюллетень менен өткөр.үлөт. Добуш берүү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулат.
III. Айылдык кеңештин биринчи сессиясы.
3.1 .Айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурда шайланган кеңештин төрагасы же депутатгардан түзүлгөн демилгелүү топ аркылуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын карыя депутат ачат.
3.2. Жалпы шайланган депутаттардын жарымынан көбү сессияга катышкан учурда айылыд Кеңештин сессиясы өз ишин баштоого укуктуу.
3.3. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кенештин регламентин, төрагасын, орун басарын шайлоо, жаңы Кенештин структурасын түзүү жана Кенештин ишине тиешелуу зарыл маселелер талкууга коюлат.
3.4. Төраганы шайлоо айылдык Кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүу жолу менен жүргүзүлөт.
3.5. Төраганын оруибасары айылдык Кеңештин депутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
IV. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруу тартиби.
4.1. Айылдык Кенештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт (төрагасын, орун басарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүү жүргүзүүгө даярдайт.
4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өзөзүнчө добуш беруусун камсыз кылат. Эсептоо комиссиясы тарабынан жашыруун добуш беруунун эрежелери толук сактоолору милдеттуу. Добуш берууну баштоонун алдында эсептоо комиссиясы добуш беруунун тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4.4. Айылдык кенештин төрагсына көрсөтулгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш беруунун жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш бериген жайда жургузулөт.
4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка оздук документтери боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
4.6. Ар бир кандидатура боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулган бюллетендер» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептоо комиссиясынын токтому тузулуп, сессияда бекитилет.
4.7. Айылдык Кеңештин төрагасына көрсөтулгөн талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын копчулук добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кенештин төрагасы болуп төрт жылыдк мөөнөткө шайланат.
4.8. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептоо комиссиясы жургузот.
4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушуна ээ болгон айылдык Кенештин депутаты төраганын орун басары болуп шайланат.
4.10. Айылдык кенештин төрагасы жана орун басары өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен торага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
4.11. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта алып барат. бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
V. Айылдык кеңештин сессиясы.
5.1. Кеңештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.2. Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүчү жай тууралуу беш күндөн кечиктирбей кенештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, Кенештин депутаттарына үч күндон кечиктирбей таратылат.
5.3. Кенештин кезексиз сессиясы Кенештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кенештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунуш менен чакырылат.
5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу турундо карала турган маселелерди корсотуу менен кезексиз сессияны откоруу зарылдыгы тууралуу Кенештин торагасына берилет.
5.5. Иш план боюнча Кенештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5.6. Кенештин чечими же Кеңештин төрагасынын буйругу менен кенештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
5.7. Кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) Сессия болгонго чейин беш күндөн кечиктирбей кенештин катчысына жазуу турундо берилиш керек.
5.8. Айылдык Кенештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
5.9. Айылдык Кенештин сессиясы коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык Кецеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.
5.10. Айылдык Кеңеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
5.11. Айылдык сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияларга кирүүсү үчүн баарык шарттарды түзүүгө, ошондой эле корулгон чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
VI. Айылдык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары.
6.1. Айылдык Кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлөө максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептөө комиссиясынан, башка да комиссия түзүлөт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
6.2. Сессиянын секретариаты айылдык Кенештин аппараты менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшет. Сүйлөөчүлөрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материалдарын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын Регламентинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмү берет.
6.3. Секретариат айылдык Кенештин аппараты менен бирдикте сессия тарабынан материалдарды, протоколдорду жазып беш күндун ичинде кол коюуга даярдайт.
VII. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби.
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби айылдык Кенештин төрагасы тарабынан сунушталат.
7.2. Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке иштөө тартибине өзгөртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.
VIII. Айылдык Кенештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери Айылдык Кеңештин компетенциясы.
8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга өзүнүн татапкерлигип сунуштоого;
8.2. Күн тартиби, иштее тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга;
8.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрду жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;
8.4. Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселер боюнча мекеме, ишка жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторунугуунун күн тартибине киргизүүнү сунуштоого;
8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдоо, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого;
8.6. Сессиянын Регламентин жана иштее тартибин толук сактоого;
8.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирүүгө жол берилбейт);
8.8. Сессиянын ишине активдуу катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине озунун жеке пикирин сактоо менен добуш берүүгө,
IX. Кенештин чечимдери.
9.1. Кеңештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссияларынын өзгөртүү жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
9.3. Сессиянын жүрүшүндөгү маселелер боюнча Кеңеш токтом түрүндө кабыл алат жана токтомго Кенештин төрагасы кол коёт.
9.4. Кеңештин депутаты Кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жүзүндө же оозеки билдирүүсү Кенештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.
9.6. Кеңештин чечимин бастырып чыгаруу, Кенештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңештин аппаратына жүктөлөт.
9.7. Айылыдык Кенештин чечими айыл өкмөттүн аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттүү.
9.8. Кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
X. Айылдык Кенештин төрагасы.
10.1. Кеңештин сессиясын чакырат жана төрагалык кылат. Кенештин токтомдоруна жана чечимдерине кол коёт, аларга көзомөлдүк кылат.
10.2. Жарандардын айылдык Кенешке кайрылган арызы, даттанууларын карайт.
10.3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жогорку органдарга расмий өтүнүч жасайт.
10.4. Кеңештин регламентинин сакталышын көзөмөлдөйт.
10.5. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт,кеңештин протоколуна токтомдоруна жана башка документтерине кол коёт.
10.6. Кеңештин торагасынын орун басарына талапкерди шайлоого сунуш киргизет.
10.7. Айыл өкмөтүнүн, айылдык Кенештин жооптуу катчысы озунун милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга, айыл өкмөт башчысына сунуш кылууга укуктуу. Кызматка алуу жагы «Муниципиалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, айылдык кенештин торагасынын макулдугу менен жүргүзөт.
10.8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде Кенешке жүктөлгөн милдеттери боюнча башка маселелерди чечет.
10.9. Айылыдык Кеңештин төрагасы, өзүнүн милдетин кезектеги мөөнөткө жаныдан чакырылган Кенештин биринчи сессиясына чейин аткарат.
XI. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары.
11.1. Төраганын орун басары Кенештин терагасы жок болуп калган жана төрага ез функцияларын аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурлрда Кенештин төрагасынын милдетин аткарат.
11.2. Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат.
XII. Кеңештин жооптуу катчысы.
12.1 Айылдык Кенештин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
12.2. Кенештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштуу Маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3. Айыл өкмөтүнүн катчысы айылдык Кенешинин сессиянын протоколун жүргүзөт. Кенештин иш штанынын аткарылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык Кенешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара көрү менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кеңештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кеңешке түшкөн документтердин эсебин жүргүзөт.
12.8. Кеңештин сессиясын материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү адамдарды сессияга катышууга чакырат.
12.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзөт.
12.11. Сессиянын кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
12.12. Айылдык Кеңештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
XIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары.
13.1. Жергиликтуу Кеңештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведамстволук аймакта аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кенеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кенеш тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды тузот, мурда тузулгондорун таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кенештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кенештердин туруктуу комиссияларынын курамына кенештин терагасы жана орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиисяларды түзө алат.
Туруктуу комиссиянын жана кенештин терагасынын сунушу боюнча тиешелүү кенеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтунучу боюнча, ошондой эле ал өзунун милдеттерин аткарууга мумкундук болбогон жагдайларга байлныштуу мөөнөтүнөн мурда токтотушу мүмкүн.
Жергиликтүү кенештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кенештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Жергиликтуу кенештин туруктуу комиссиялары озунун ишине окумуштууларды, адистерди. практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдуу чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
13.2. Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары:
- кенештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелуу улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
- тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизет.
- өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
- жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелуу кенештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтуү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
13.3. Жергиликтүү кеңештин турукутуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кенеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кенештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
XIV. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби.
Негизги жоболор.
14.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-берене жана ушул Жобо менен жөнгө салынбаган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби айылдык Кенештин регламенти менен аныкталат.
14.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы тийиштүү айылдык Кенештердин депутаттары (депутаты) тарабынан анын чакырылышы мөөнөтүнө карата жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
14.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө, айылдык Кенештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары-аким) укуктуу.
14.4. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде же жеке менчик түрүндөгү чарбакер субъекттерде жетекчи кызматтарда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу жоюулганына, мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына карабай Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.
14.5. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айылдык кенештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кенештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айыл кенешинин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаны айыл өкмөтү шайланганага чейин өзүнүн акты менен айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
14.6. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календардык күндүн ичинде откөрүлет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларында айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону жана өткөрүүнү координациялоону жүргузүшөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын терагасы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тийиштүү аймактык комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.
14.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү Кенештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу ишке ашырылат. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо эгерде ага айылдык Кенештин депутаттарынынжалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес катышса болду деп эсептелинет. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону откөрүү жол-жобосу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 беренесине, ушул Жобого жана жергиликтүү Кенештин Регламентине ылайык ишке ашырылат.
14.8. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына тиешелүү аймактык комиссиясы тарабынан күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана текста Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
14.9. Бул Жобону бузу шайлоону жарксыз деп табууга алынып келет.
XV. Айыл өкмөтунүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби.
15.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш кунунөн кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүдөй документтер сунушталат:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим.
2) ат салышууга жөнүндө талапкердин арызы.
3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматы (кызматынын турун) жана турган жерин көрсотүү менен талапкердин өмүр баянынын маалыматтары.
4) ушул Мыйзамдын 42 - жана 48 - беренесинлеринин талаптарын тастыктоочу тийиштүү докуметтер.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө - чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жөнүндө талапкерди көрсөткөн субъектиге кабар билдирүүгө милдеттүү Талапкерди көрсөткөн субъект кабар алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизип, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ондолгон документтерди тапшырууга укуктуу.
Талапкерди каттоодон баш тартуу чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Талапкерлерди каттоодон баш тартууга төмөндөгүлөр негиз боло алат:
1) ушул Мыйзамда каралган көрсөтүүнүн тартиби сакталбашы.
2) Талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу.
3) Талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги
4) Талапкерди көрсөткөн субъектин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди бербегендиги.
Талапкерди каттоодон баш тартуу жонундо чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мумкун.
Тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерди каттагандан кийин эки календардык кундун ичинде жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш беруү үчүн үкөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону өткөрүүгө комок корсотууго милдеттуу.
15.2. Талапкер кайсы учурда болбосо да бирок добуш берүүгө чейин эки күн калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө укугу бар субъкт кайсы учурда болсо да добуш берүүгө чейин эки календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берип, таапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субъект тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жонүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
XVI. Шайлоону уюштуруу.
16.1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштуруу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 2 -календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына чечим менен курамында аймактык шайлоо комиссиясынын терагасы жана эки мүчөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын екүлү жана айылдык Кенештин өкүлү болуп эсептөө комиссиясы түзүлөт.
Эсептее комиссиясы өз отурумунда курамынан төраганы жана катчысы шайлоо жөнүндө чечим кабыл алат жана тиешелүү протокол түзүлүп, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына ылайык жергиликтүү Кенешке кабарланат.
16.2. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, оз жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, ушул жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.
16.3. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылып чыгарылат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөрү менен күбөлөндүрүлөт жан ага эсептоо комиссиясынын мүчөлөру кол коёт.
16.4. Бюллетенге айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
16.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүчү жайды берүү, ал үчүн кабиналарды, үкөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү аркылуу шайлоону уюштурууга көмөктөшүүсү милдеттүү.
16.6. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелүү айылдык Кенештин төрагасы тартат.
16.7. Добуш беүү жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
XVII. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби.
17.1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо атайын бөлүнгөн бөлмөдө өткөрүлөт.
17.2. Добуш берүүнүн алдында добуш берүү үкөктөрү эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, мөөр басылып бекитилет.
17.3. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
17.4. Добуш берүүчү үкөктү ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептөө комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
17.5. Добуш берүүчү үкөктү ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат.
XVIII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби.
18.1. Добуш берүү аяктагандан кийин эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык айкын эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүүчү бөлмөдө тыныгуусуз өткөрүлөт.
18.2. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү пйдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана булл туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазышат.
18.3. Жараксыз бюллетендер өзүнчө эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөрү басылбаган, эсептоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу коюлбаган же бекитилбеген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
18.4. Добуш берүүчү үкөктөгү бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер үчүн берилген «макул» жана «баардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
18.5. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коёт.
18.6. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептөө комиссиясынын төрагасы дароо айылдык Кенештин депутаттарына жана катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыя кылат жана айылдык Кенештин сессиясынын бекитүүсүнө протоколго киргизет.
18.7. Тиешелүү айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
18.8. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду айылдык Кенеш бекиткенден кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы анын мүчөсүн райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.
18.9. Эки талапкер катталса жана алардын бироо да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, кобүрөок добуш алган эки талапкербоюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт.
- экиден ашуун талапкер катталса жан алардын бирее да депутаттардын зарыл сандагы добушун алалбаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт.
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири көбүрөөк сандагы добуш алса ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт.
18.10. Добуш берүүнүн экинчи түрү ушул жобонун 26-38 пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
18.11. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
XIX. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо.
19.1. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, айыл өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер тен депутаттардан бирдей сандагы добушун алса, айыл өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда баардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо өткөрүлөт.
19.2. Эгерде «баардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттар коп добуш беришсе кайра шайлоо өткөрүлөт.
19.3. Эгерде добуш берууну кунуно карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шйлоого катышуудан баш тартса кайра шайлоо өткөрүлөт.
19.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт.
19.5. Жаны талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
19.6. Эгерде шайоо кворум жоктугунан болбой калса Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
19.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо ушул жобомун 10-40-пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
XX. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери.
20.1. Тиешелүү айылдык Кенештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президента жергиликтүү Кенешке мөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
20.2. Райондун акими өзүнүн буйругу менен жаны айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.
XXI. Убактылуу комиссиялар.
21.1. Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды түзүүсү мүмкүн.
21.2. Убактылуу комиссия берилген мөөнөттүү сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.
21.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.
21.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
XXII. Кеңештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы.
22.1. Кенештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кенештин төрагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эң башкы милдетгеринин бири болуп эсептелинет.
22.2. Кенеш өз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин түрүнө карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттүү.
XXIII. Жергиликтүү Кеңештин сандык курамы.
23.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негиз 11 депутатты түзөт.
XXIV. Депутаттык мандат.
24.1 Депутаттык мандат төш.белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
24.2. Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине негиз жүргүзүлөт.
XXV. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартаби.
25.1. Депутаттар тарабынан Регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат.
Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
25.2. Айылдык Кенештин Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кенештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.