Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин -7чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
2022-жылдын 13-майы № 22/2
Майдан айыл өкмөтүнүн аймагында турак жайга муктаж атуулдардын арзынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө ” Убактылуу жобого ылайык Майдан айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айылдык аймагында жашаган мамлекеттик менчиктеги жалпы аянты 96,0 га жер аянты, анын ичинен Бак 1 участогундагы №177 контурда жайгашкан 9 га жайыт № 180 контурда жайгашкан 6 га жайыт, Бак 2 участогундагы № 698-контурда жайгашкан 6 га таштуу жайыт № 699 – контурда 3,18 га көп жылдык бак-дарактар, №713-контурда жайгашкан 0,26 га көп жылдык бак-дарактар №714-контурунда жайгашкан 3,34 га көп жылдык бак-дарактар №700- контурунда 0,04 га таштуу жайыт, №709-контурунда жайгашкан 0,10 га башка жерлер (отвал) жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Трансформацияга керектүү акча каражаты каралсын жана керектүү иш-кагаздары даярдалсын;
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | Ж.Тагаев |