Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2022-жылдын 13-майы № 28/1
Майдан айыл өкмотүнүн аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча жол четиндеги жерлерди №46 Кадамжай райондук жолдорду тецлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясыны, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын 2022-жылдын 30-мартындагы №01-33/843 сандуу катына ылайык Майдан айыл өкмөтүнүн автомобиль жолдорунун категориялар боюнча жол четиндеги жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комуникациялар министрлигинин №46 Кадамжай райондук жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары Ы.Калбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча Ош-Исфана жолундагы, жол четиндеги жерлерди №46 Кадамжай райондук жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Тагаев |