МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № 4/1.5
Элдин жайлоого чыгуусун жеңилдетүү жана туризимдик маршруттук жолдорду жөнгө салып оңдоо жөнүндө
Элдин жайлоого чыгуусун жеңилдетүү жана туризимдик маршруттук жолдорду жөнгө салып оңдоп, айыл өкмөттүн бюдетинен киреше булактарды көбөйтүү максатында Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аустан, Пум, Тамаша, Кароол жайыт жана туризм машруттары жолдорун оңдоого 500 миң сом каралып калганы келерки кирешелерден 1 млн сомго чейин толукталсын;
2. Жолдорду оңдоодо жайлоого чыгуучулар, токой чарбасы, ыктыярдуу салым кошуучуларды жана башка демөөрчүлөрдү тартып бюджетти экономдоо сунушталсын;
3. Кээ бир учурларда ашар ыкмаларын колдонуу сунушталсын
4. Токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
5. Ушул токтомдун аткарылышы Майдан айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн .
Төрага: | А.Насиров |