Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № 4/3.2
Айыл Өкмөттүн экинчи кеңсесинин күн батыш тарабындагы талаштуу жер жөнүндө
Айыл Өкмөттүн экинчи кеңсесинин күн атыш тарабындагы талаштуу жер бир нече жылдан бери чечибей келе жатканын жана жергиликүү тургундардын аталган жер боюнча нараазычылыгын эске алып, аны калыс мыйзам чегинде чечүү максатында Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаш болгон 0,90 га жер маселеси жер комиссиясына жана мыйзамдуулук комиссиясына 10 күндүк мөөнөттө отурум кылып карап тиешелүү корутунду чыгаруу тапшырылсын;
2. Отурумга Өкмөт башчы, госрегистр өкүлү, жер адистери жана ошол жерге ээлик кыламын деген тараптар чакыртылсын:
3. Айыл Өкмөт тараптан ушул маселени мыйзамдуу чечүү максатында тажрыйбалуу юрист же адвокат камсыздап берүү милдеттендирилсин;
4. Токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Насиров |