МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № 4/3.6
Кара-Кыштак айылынын тургундарынын кайрылуусун аткаруу жөнүндө
Жерлерди мыйзамсыз өзүнө ыйгарып ээлеп алуунун алдын алуу жана туура пайдалануу
максатында Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кыштак айылынын чыгыш тарабынан, талаадан 5 га жер улак чабуу үчүн калтырылсын;
2. Мыйзамсыз ээлеп алуу токтотулсун;
3. Токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Майдан айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | А.Насиров |