Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы

2023-жылдын 26-майы № 3

Могол айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жаңылоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 12-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү №279-б буйругун аткаруу максатында Могол айыл аймагынын жергиликтүү Уставын жаңылоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги ХIX –сессиясы токтом кылат:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 12-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү №279-б буйругун аткаруу максатында Могол айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставы бекитилсин.

2.  Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Пазыловага жүктөлсүн.

3.  Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Токтобаевке милдеттендирилсин.

 

Могол айылдык

кеңештин төрагасы

 

А.Мамарасулов