МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
2023-жылдын 26-майы № 4
Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы мектеп көчөсүнө наам берүү жөнүндө
Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылынын мектеп көчөсүнө наам берүү боюнча №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин педогогикалык кеңешменин токтомун угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы мектеп көчөсүнө наам берүү боюнча №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин педогогикалык кеңешменин токтому бекитилсин.
2. Ооган-Талаа айылындагы мектеп көчөсүнө СССРдин эл агартуусунун Отличниги Тиркешов Полотбектин аты берилсин.
3. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургуну СССРдин эл агартуусунун Отличниги Тиркешов Полотбектин аты берилген көчөнүн атын илүү, үйлөрдү номерлөө Тиркешов Полотбектин үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Токтобаевке жүктөлсүн.
Могол айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мамарасулов |