Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 24-апрели № 1

Ооган-Талаа айылына пескоблок жана брусчатка чыгаруучу чакан цех ачуу үчүн станок сатып алуу жана ишке түшүрүү долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Ооган-Талаа айылына пескоблок жана брусчатка чыгаруучу чакан цех ачуу үчүн станок сатып алуу жана ишке түшүрүү долбоорун турмушка ашыруу максатында 2023-жылдын 10-апрелиндеги элдик жыйындын №1 токтомунун негизинде Могол айылдык кеӊешинин VIII -чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургундарынын пескоблок жана брусчатка чыгаруучу чакан цех ачуу жөнүндө 2023-жылдын 10-апрелиндеги элдик жыйынынын №1-токтому бекитилсин.

2. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн Ооган-Талаа айылына пескоблок жана брусчатка чыгаруучу чакан цех ачуу үчүн станок сатып алуу жана ишке түшүрүү долбоорун ишке ашыруу колдоого алынсын.

3. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылына пескоблок жана брусчатка чыгаруучу чакан цех ачуу үчүн станок сатып алуу жана ишке түшүрүү долбоорун ишке ашыруу максатында өздүк салымын камсыздоо үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

4. Ооган-Талаа айылына пескоблок жана брусчатка чыгаруучу чакан цех ачуу үчүн станок сатып алуу жана ишке түшүрүү боюнча долбоорду даярдоо жана долбоорду ишке ашыруу айыл ѳкмѳтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.

6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары М.Токтобаевге жүктѳлсүн.

 

Могол айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Мамарасулов А.