Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 1
Могол айыл аймагында улуттук тазалык күнүн жарыялоо жөнүндө
Жумушчу топтун төрагасы Ж.Орозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнүн жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып, Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнүн жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 5 пункту аткарууга алынсын.
2. Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгынын негизинде Могол айыл аймагында Могол айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча иштелип чыккан эрежелери бекитилсин жана аткарууга алынсын.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Пазыловага жүктөлсүн.
4. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Токтобаевке милдеттендирилсин.
Могол айылдык кеңештин төрагасы |
А.Мамарасулов |