Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 2
Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба айылындагы калкка кызмат көрсөтүү борборунун бөлүмчөсүнө демөөрчүлүк көрсөтүү жөнүндө
Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба айылындагы калкка кызмат көрсөтүү борборунун бөлүмчөсүнө демөөрчүлүк көрсөтүү максатында Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы токтом кылат:
1. Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба айылындагы калкка кызмат көрсөтүү борборунун бөлүмчөсүн оңдоо долбоору колдоого алынсын.
2. Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба айылындагы калкка кызмат көрсөтүү борборунун бөлүмчөсүн оңдоо үчүн өздүк салымын камсыздоо максатында Могол айыл өкмөтүнүн 3111 статьясынан 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Ажыратылган акча каражатын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Могол айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары М.Токтобаевке тапшырылсын.
Могол айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мамарасулов |