Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 3
Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы №6 А.Ильясова атындагы балдар бакчасынын жылытуу системасын жаңылоо жөнүндө
Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы №6 А.Ильясова атындагы балдар бакчасынын жылытуу системасын жаңылоо максатында Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы №6 А.Ильясова атындагы балдар бакчасынын жылытуу системасын жаңылоо долбоору колдоого алынсын.
2. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы №6 А.Ильясова атындагы балдар бакчасынын жылытуу системасын жаңылоо үчүн өздүк салымын камсыздоо үчүн Могол айыл өкмөтүнүн 3111 статьясынан 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Ажыратылган акча каражатын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Могол айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары М.Токтобаевке тапшырылсын.
Могол айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мамарасулов |