Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 4
Могол айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдагы каралган сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2023-жылга каралган сметасынын I-кварталына киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө учурдагы көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн чыгаша статьяларынан керектүү сметага жылдырылып №1 тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
2. “Хельветас” уюмунан келип түшкөн 18,0 миң сом акча каражаты 70111 бөлүмүнүн 2215 статьясынан коюлуп чыгымдоо жүргүзүлсүн.
3. Мыйзамга ылайык иш жүргүзүү жагын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Могол айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мамарасулов |