Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 30-майы №127/23-5
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 12-майындагы №1-22/1421, 15-майындагы №1-22/1454, №1-22/1457, 24-майындагы №1-22/1564, 25-майындагы №1-22/1566, №1-22/1567, №1-22/1569 кайрылууларынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 15-майындагы жана 2023-жылдын 25-майындагы отурумунун протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кенешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууну жүргүзүүгө 1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
2.Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын «Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесине (Жаштар аллеясын куруу менен КДТнын эски нугун калыбына келтирүү) каралган каражаттарды чыгашалар сметасы боюнча 13488,2 миң сом суммасында төмөнкүлөргө кайра багыттоого макулдук берилсин:
-№9 “Ширин Балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесине жабдууларды сатып алууга «Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесинен «Машиналар жана жабдуулар» 3112 беренесине 1302,0 миң сом суммасында;
-№9 “Ширин Балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесин коммуникациялоо жана көрктөндүрүү иштери үчүн Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын «Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесинен 900,8 миң сом суммасында;
-№9 «Ширин балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемесине башка жабдууларын сатып алууга Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын «Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесинен «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» 2222 беренесине 1269,8 миң сом суммасында;
- ТРЕСтин имаратынын ички канализациясын оңдоого Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренесине 246,0 миң сом суммасында;
-Токмок ш. УКМКнын бөлүмдөрүнө курулуш материалдарын сатып алууга жана белгиленген иштерди жүргүзүүгө "Имараттар жана курулуштар" 3111 беренеси боюнча 2297,9 миң сом суммасында;
-Ленин-Колхозная көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотуу үчүн Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын «Имараттар жана курулуштар» 3111 беренеси боюнча 178,5 миң сом суммасында;
-Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен 1707,8 миң сом суммасында, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө №9 «Ширин Балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемесине «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесине 120,0 миң сом, «Тамак-аш азыктарын алуу» 2218 беренеси боюнча 604,8 миң сом, «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» 2222 беренесине 133,0 миң сом, «Коммуналдык кызматтар» 2231 беренесине 850,0 миң сом суммасында;
-«Бурана» (Чүй-Токмок) муниципалдык футбол клубу улуттук футбол лигасына катышууга, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен «Кызматтык кыдырууларга чыгашалар» 2211 беренесине 200,0 миң сом, «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесине 300,0 миң сом суммасында;
-Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен 5085,4 миң сом суммасында, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесине 4670,4 миң сом, «Байланыш кызматын көрсөтүү» 2212 беренесине 15,0 миң сом, «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» 2222 беренесине 400,0 миң сом суммасында.
3.Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө иш-чараларды өткөрүүгө «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренеси боюнча үнөмдөлгөн 100,0 миң сом бюджеттик каражаттарды кайра багыттоого макулдук берилсин.
4.Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомунун “Токмок шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” 1-тиркемесинде атайын эсеп боюнча төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-«Классификацияланбаган билим берүү жана маданият кызматтарына акы төлөө» 14232900 беренеси боюнча “21347,6” деген цифралар “26347,6” деген цифралар менен алмаштырылсын.
5.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын начальниги (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пункттарына ылайык жүргүзсүн.
6.Токмок шаарынын мэри (Нусувалиев М.О.) бул токтомду аткарууда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарын так сактасын.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 127/23-5 токтомуна 1-тиркеме |
Бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруунун эсебинен Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кварталдан кварталга өзгөртүүлөрдүн ТИЗМЕГИ (Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 15-майындагы жана 25-майындагы протоколуна ылайык)
| (миң сом) | ||||||||
Бөлүм | Бөлүмдөрдүн (мекемелердин) аталышы | Чыгаша беренелери | Өзгөртүү суммасы |
| /көбөйтүү(+) | Эскертүү | |||
| Азайтуу-(-) / |
| |||||||
Бардыгы жыл ичинде | Анын ичинен: квартал боюнча | ||||||||
I | II | III | IV | ||||||
706 | Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (Токмок ш.КИК) | 2215 | 0,0 |
| 5000,0 | -5000,0 |
|
| |
706 | Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (Токмок ш.ММБ) | 3111 | 0,0 |
| -5596,4 | 5000,0 | 596,4 |
| |
701 | Токмок ш. мэриясы | 2824 | 0,0 |
| 200,0 |
| -200,0 |
| |
709 | “Билим берүү” (Чуй-Токмок билим берүү бөлүмү-мектептер) | 3112 | -70,0 |
| -70,0 |
|
|
| |
709 | “Билим берүү” (Чуй-Токмок билим берүү бөлүмү- борбор.бухг.) | 3112 | 70,0 |
| 70,0 |
|
|
| |
706 | Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (Токмок ш.ММБ) | 2231 | 0,0 |
| 396,4 |
| -396,4 |
| |
| Бардыгы |
| 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
| |
Жооптуу катчы | М.А.Табалдиев |
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Чүй финансы Башкармалыгынын райондук казына бөлүмүнүн башчысы |
Ф.Г.Парпиева |