Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз X сессиясынын жыйыны

2023-жылдын 9-июну № 10/1

Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2 –пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна, КРФМ Кара-Кулжа башкармалыгынын 09.01.2023-жылдагы № 1 чыгуу санындагы катына ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган бюджетинин долбоору жөнүндөгү” Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы О.Мамасали кызынын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2023-жылы бекитилген бюджетине зарылчылык келип чыккандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

 

2. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.

 

3. Бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын

 

  Тиркеме 1 барак, 1 нускада

 

Төрага

А.Кадамбаева

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин

09.06.2023-жылдагы № 10/1 токтомуна

тиркеме

 

2023-жылдын бюджетине төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү

 

 

№

 

тармак

 

 

глава

 

параграф

 өзгөртүүлөр

 анын ичинен

көбөй түлөт

азай тылат

I кв

II кв

III кв

IV кв

1

701 Аппарат

2222

2222

70 000

70 000

-

70 000

70 000

-

2

709 непол.сш.

2215

2215

20 000

20 000

-

20 000

20 000

-

3

709 дет.сад

2221

2221

170 000

170 000

-

170 000

170 000

-

4

709 дет.сад

2215

2215

30 000

30 000

-

30 000

30 000

-

5

708 дом культ.

2221

2221

30 000

30 000

-

30 000

30 000

-

6

706 ЖКХ

2511

2511

277 800

277 800

-

277 800

277 800

-

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы:

 

 

597 800

597 800

-

597 800

597 800

-

 

Катчы

С.Осмоналиев