Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз X сессиясынын жыйыны
2023-жылдын 9-июну № 10/2
“Альфа-Телеком” ЖАКнун базалык станциясын жайгаштыруу үчүн жер тилкесин убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылынын Ийри-Суу участкасындагы айыл чарбасына жараксыз жерден “Альфа-Телеком” ЖАКнун базалык станциясын жайгаштыруу үчүн жер тилкесин убактылуу ижарага берүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылынын Ийри-Суу участкасындагы айыл чарбасына жараксыз жерден “Альфа-Телеком” ЖАКнун базалык станциясын жайгаштыруу үчүн 20,0 (жыйырма) чарчы метр жер тилкеси мөөнөттүү келишимдин негизинде чектелип убактылуу ижарага берилсин.
2. Жогорудагы аты аталган жер тилкесине тиешелүү документтерин даярдап бүтүрүп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын
Төрага | А.Кадамбаева |