Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз X сессиясынын жыйыны
2023-жылдын 9-июну № 10/3
Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 157 “Улуттун наркы жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 01-13/459 чыгуу санындагы катына ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын уставын талкуулоодо жамааттардан келип түшкөн сунуштарды эске алып Ылай-Талаа айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы ylaitalaa-aimak.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы С.Осмоналиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тиркеме 29 барак, 1 нускада
Төрага | А.Кадамбаева |